top of page

МАКСАТТАР

Биздин максат – сизди Европадагы Аупейр, Аусбилдунг, Фериенжоб жана Практикум сыяктуу эл аралык программалар менен тааныштыруу жана бул программаларды сиздердин ар бириңиздерге жеткиликтүү кылуу. 

team boto kg

Беш жыл мурун биз унутулгус саякатыбызды ВОТО kg менен баштаганбыз! 
Ал кезде, келечек дагы деле белгисиздикте турганда, биздин ачык көз карашыбыз жана миссиябыз бар болчу.  Биздин максат-кардарларыбызга Германияда, мүмкүнчүлүктөргө бай өлкөдө, өз кыялдарын тезирээк ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болчу.
Биздин максат- Бишкек шаарындагы немис тили боюнча алдыңкы билим берүү борбору болуу.
Мекенге болгон сүйүүбүз биздин баалуулуктарыбыздан көрүнүп турат:

  • Биз мекенибиз Кыргызстанды сүйөбүз жана сыйлайбыз. 

  • Эне тилибиз биз үчүн баа жеткис байлык.

  • Биздин тарыхыбыз эч качан унутулбайт.

  • Биз ата-бабаларыбыздын акылмандыгын сыйлайбыз. 

  • Биздин уникалдуу маданиятыбыз – биздин демибиз. 

  • Биз жаш муундарыбыздын кыял-максаттарына жана келечегине  терең ишенебиз. 

 

Биздин программалар студенттерибиздин Кыргызстанга көз карандысыз жана ишенимдүү – жаңы тажрыйба жана билим менен кайтып келишине жардам берет деген терең ишеничтебиз. Жаштарыбыз чет өлкөдөн топтогон тажрыйба жана билимин өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана жаркын келечегине жумшаары анык. 


ВОТО  – биз сиздин кыялдарыңызга терең ишенебиз!

bottom of page