top of page

Биздин программаларыбыз

Аупейр

Германия жана Австрия

Германиядагы же Австриядагы Аупейр катышуучусу катары сизде дүйнө таанымыңызды кеңейтүүгө, тил үйрөнүүгө жана дүйнөнүн булуң-бурчуна саякаттого уникалдуу мүмкүнчүлүк бар,  ошону менен бирге  гаст үй-бүлөдөн жана ВОТО компаниясынан ар дайым колдоо ала аласыз. Европанын жашоо образына жана маданиятына сүңгүп, жаңы маданият менен жакындан таанышасыз.

Практикум

Германия

Сиз Кыргызстанда туризм, гастрономия жана экономика тармагында окуйсузбу?
Сиздин максат – бир жылдык практиканы немис компанияларында же ишканаларында  кесиптик тажрыйба топтоо менен бирге акча табуу болуп саналабы? Демек бул программа сиз үчүн урматтуу биздин достор. Кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт; март айында 12 ай үчүн жана май айында 5-6 ай үчүн.  Германияда практика  өтөө  тууралуу суроолор жаралган болсо, биздин менеджерлерге кайрылсаңыз болот. Менеджерлер сизге программа тууралуу  бат жана жеткиликтүү  маалымат беришет.

Фериенжоб

Германия

Бул программага катышуунун шарттары абдан жөнөкөй:
- Кыргыз Республикасындагы каалаган университеттин күндүзгү бөлүмүндө студент болуу.
- Акыркы курстун студенти болбошуңуз зарыл.
Болду!!!
Калганын чогуу жасайбыз. Керектүү документтерди даярдайбыз. Немис тилин A2 деңгээлине чейин үйрөтөбүз. Германиядан мыкты жумуш берүүчүлөрдү табабыз. Интервьюга даярдайбыз, жада калса Кыргызстанга кайтып келгенде салыкты кайтарып беребиз!

Аусбилдунг

Германия

Сиз өз тармагыңыздын  мыкты адиси  болуп, Германиянын дипломун алып, Германияда 3 жылдан кем эмес жашагыңыз келеби? Анда Аусбилдунг программасы сизге эң ылайыктуусу. Бул программа менен сиз бир кесиптин ээси гана болбостон, дасыккан адиси болуп чыгасыз. Кесиптик окуу адатта эки бөлүктөн турат: кесиптик лицейдеги теориялык бөлүк ( билим аласыз) жана ишканадагы жумушта практикалык бөлүгү (айлык аласыз). Окуунун узактыгы, адатта, тандап алган кесибине жана багытына жараша 2 жылдан 3 жылга чейин созулат. Окутуу адатта август же сентябрь айында башталат, бирок биз менен сиз жылдын каалаган убагында Аусбилдунг программасына тапшыра аласыз. Германияда кесиптик билим алууну каалайсызбы? Бул программа боюнча сиздерге гана эмес, ата-энеңиздерге да кеңеш берүүгө даярбыз.

Жогорку билимдүү адистер

Туризм,Экономика жана Гастрономия

Туризм индустриясы Германияда соодадан кийинки экинчи чоң кызмат көрсөтүү сектору болуп  саналат. Учурда Германиянын эмгек рыногунда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги байкалууда. Бул үчүн квалификациялуу адистер керек. Эгерде сизде туризм же гастрономия боюнча билимиңиз бар болсо жана карьераңызды Германияда баштагыңыз келсе, биз сизге бул жолду баштоого жардам берүүгө даярбыз.

Немис тили курстары

Оффлайн жана онлайн

Немис тилин Бишкек шаарынын  так борборунда биздин мыкты мугалимдерибиз менен интенсивдүү программада үйрөнүңүз. Бизде жагымдуу атмосфера бар жана сиз өзүңүздү үйүңүздөгүдөй сезесиз. Биздин борбордо сиз тил үйрөнүп эле тим болбостон, Европаны чогуу багындыра турган досторду жана пикирлеш адамдарды табасыз.
Биздин курсту аяктаган бардык студенттер Гёте-Институт жана ÖSD экзамендерин ийгиликтүү тапшырышат.

FAQ

FAQ - Көп берилүүчү суроолор. Бул жерде биз көп берилүүчү суроолорго жооп беребиз.

Дагы суроолоруңуз барбы?

bottom of page